Юсупова Нуриса Болотбековна.воспитатель в кыргызской группе

Юсупова Нуриса Болотбековна биздин уюмда 2011-жылдан баштап эмгектенип келет.

Бул убакта эмгектенген жылдарында ѳзүнүн мектепке чейинки билим берүү тармагындагы жогорку денгээлин кѳрсѳтүп келет.

Юсупова Нуриса Болотбековна кыргыз группасында иштейт, дайыма чыгармачылык изденүүнүн үстүндѳ иштеп келет. Ар бир балага жекече мамиле жасоо менен алардын чыгармачылык жѳндѳмдүүлүгүн ,ар кандай шыгын таба билет .Ар түрдүү кырдаалда баланын кѳӊүл маанайын кылдаттык менен баамдап ,ошого жараша мамиле жасап окуу – тарбия процессинде жакшы натыйжаларга жетишип келет.

Ѳзүнүн окутуу программасына кыргыз элинин каада салттарын, үрп-адаттарын колдонуп келет. Ѳз ишмердүүлүгүндө алысты кѳрѳ билүүсү, балдардын психологиясын терен ѳздѳштүрү  аркылуу бүткүл чыгармачылык күчүн келечек ээлерине арнап келет.

Юсупова Нуриса Болотбековна  дайыма ѳз алдынча билим алуунун үстундѳ иштейт . Райондун жана ѳзу иштеген бала бакчанын коомдук иштеринде активдүүлүгүн корсотуп келет. Алган билимин андан ары жогорулатуу максатында 2012 ,2014-жылдары квалификациясын жогорулатуу курстарынан ѳткѳн.

Ата-энелер,коллектив арасында кадыр-баркка ээ. Бул ѳз ишин мыкты билген, кесипкѳй, жоопкерчиликтүү, чыгармачыл, чынчыл, команда да иштей алган педагог.